ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте ачык асман алдындагы TENGRI MUSIC классикалык музыка боюнча II Эл аралык фестиваль өткөрүлдү

23-августта Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында ачык асман алдындагы TENGRI MUSIC классикалык музыка боюнча II Эл аралык фестиваль өткөрүлдү.

Фествалга классикалык музыканы баалагандар жана сүйүүчүлөр катышты.


Көрүүчүлөрдүн алдында Эмилио Перцан (скрипка), Гэрри Дэвислим (тенор), Жамиля Раимбекова (сопрано), Мишель Баррон (сопрано), Гульшан Конушева (фортепиано), Саян Исин (тенор), Заира Раимбекова (сопрано), Таир Бейшеев (бас), Виктория Юртаева (фортепиано), Медет Осмонов (дирижер), «Манас» президенттик камералык оркестри  жана башкы дирижер,  КР Эмгек сиңирген артисти Эрнис Асаналиев, Бишкек шаарынын мэриясынын симфониялык оркестри жана көркөм жетекчи- КР эл артисти Муратбек Бегалиев чыгып, жагымдуу чыгармаларын тартуулашты.


Аталган иш-чаранын максаты  коомчулукту классикалык музыка маданиятына тартуу болуп саналат.


Иш-чараны Бишкек  шаарынын мэриясы, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Prima коомдук уюму уюштурду.


Белгилей кетсек, бул жылы аталган фестиваль экинчи ирет өткөрүлүүдө.