ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ санитардык нормаларды бузгандарды аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору тарабынан Ленин районунун санитардык абалы текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Чыңгыз Айтматов проспектиси 49 дарегинде жайгашкан «Магнат» сулуулук салонунун кызматкерлери тарабынан курулуш таштандылары белгиленбеген жерге чогултулгандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан сулуулук салонунун ээси Ашымова Г.нын атына курулуш таштандыларын чыгаруу, ошондой эле курулуш таштандыларын таштоого жол бербөө эскертүүсү берилди.


Бүгүнкү күндө аныкталган бузуулар четтетилди.