ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов району оор кырдаалдагы балдарга жардам берди

Балдар иштери боюнча Комиссиянын отурумунда 3 балага - №21 орто мектептин 9-классынын бүтүрүүчүлөрүнө гуманитардык жардам көрсөтүлүп, №17 Кесиптик лицейге - 2 балага, №37 Кесиптик лицейге -1 балага Комиссиянын чечими менен бюджеттик окууга кайрылуу берилди.

Белгилей кетсек, 2013- жылы  Свердлов району боюнча оор турмуштук кырдаалга кабылып, окубай, иштеп жүргөн балдар боюнча уюштурулган иш чаранын негизинде - 25 бала аныкталып, мектептерге жайгаштырылган.

Бул үй-бүлөлөр менен иштер жүргүзүлүп, материалдык, гуманитардык жардамдар көрсөтүлүп, юридикалык консультация берилди, ошондой эле документтештирилип, үй- бүлөнүн оор кырдаалдан чыгышына ар тараптуу көмөк көрсөтүлгөн.

Жыйынтыгында 3 бала мектепти ийгиликтүү аяктап, муниципалдык администрация тарабынан лицейлерге жайгаштырылды.

Мындан ары дагы Комиссиянын тапшырмасы менен райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы бул балдардын келечегин көзөмөлдөп турмакчы.