ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар менен күрөшүү уланууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык нормаларын бузгандарды аныктады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкү бузуулар аныкталды:


Зеленая көчөсү 11 (Куруучулар шаарчасы)  дареги боюнча «Фортуна» дүкөнүнүн айланасында чөптөр чабылбай, санитардык нормалар сакталган эмес. Жумабек көчөсү 33 дарегинде жайгашкан айнек идиштерди кабыл алуу пунктунун жана Лермонтов көчөсү 35 а дареги боюнча «Таатан» соода борборунун айланасы антисанитардык абалга жетип, таштандылар баш аламан ташталгандыгы, таштанды чыгарууга келишим түзүлбөгөндүгү, ал эми Курманжан Датка көчөсү 13 дарегинин жашоочулары жолдун жээгине курулуш таштандыларын чогулткандыгы, калаанын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы аныкталды.


Аталган даректердин ээлеринин аттарына Кыргыз Республикасынын  «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.