ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа башчысы Албек Ибраимов Свердлов районунун тургундары менен жолукту

Бүгүн, 12-августта №4 мектеп-гимназиясынын чоң залында калаа башчысы Албек Ибраимовдун Свердлов районунун тургундары менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Шаардыктар менен жолугушуу “суроо-жооп” форматында өттү, анын жүрүшүндө борбордук муниципалитеттин башчысы Бишкекти социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча пландар жана шаарда ири долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги тууралуу айтып берди.

Мэр калаанын кичи райондорунун ички жолдоруна жана кварталдар аралык  жолдорду капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүгө ѳзгѳчѳ кѳңүл бурду.


Свердлов  районунун тургундары тарабынан тышкы жарыктандыруу, ирригация, авариялык абалдагы бактарды кыйуу жана суу менен камсыз кылуу маселелери кѳтѳрүлдү.


Калаа башчысы айтылган көйгөйлөрдү тиешелүү кызматтарга ыкчам жана кыска мөөнөттө чечүүнү тапшырды.