Бишкек шаарынын мэриясы Рио-де-Жанейро шаарындагы жайкы олимпиада оюндарында коло байгеге ээ болгон Иззат Артыковду куттуктайт
- Подробности
- Опубликовано 10.08.2016 10:47
Бишкек шаарынын мэриясы Рио-де-Жанейро шаарындагы жайкы олимпиада оюндарында коло байгеге ээ болгон Иззат Артыковду жана кыргызстандыктарды биринчи жеңиши менен куттуктайт.
Оор атлет боюнча барган Иззат Артыков 69 кг салмактык категорияда коло медалга ээ болду.
Иззат Бишкек шаарынын олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-ѳспүрүмдѳр мектебинин тарбиялануучусу. 1993-жылы 8-сентябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарында төрөлгөн. КР эл аралык класстагы спорт чебери, Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону. Башкы машыктыруучусу Усөнкан Майназаров.
- 2009-жылы Ташкентте өткөн Азия чемпионатында балдар арасында коло байгеге ээ болгон;
- 2012-жылы Мьянмада өткөн Азия чемпионатында өспүрүмдөр арасында күмүш байгеге ээ болгон;
-2015-жылы Пхукетте өткөн Азия чемпионатында коло байгегени багындырган;
-2016-жылы Азия чемпиону. Ташкент.
Бишкек шаарынын мэриясы олимпиадалык оюндарга катышып жаткан Кыргызстандын бардык спортчуларына ийгилктерди жана жеңиштерди каалайт.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
18.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |