ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Кара жыгач» токоюнда «Токой мектебинин» ачылышы өткөрүлдү

«Кара жыгач» токоюнда Бишкек шаарынын мэриясынын Борборлоштурулган китепканалар тармагы тарабынан уюштурулган «Токой мектеби» иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, окуучулар жана алардын ата-энелери, студенттер жана бардык каалоочулар катышты.


Катышуучулар «Токой мектебинен» маанилүү жана пайдалуу маалыматтарды, мастер класстарды алып, китеп көргөзмөлөрүнө, оюндарга, сынактарга катышышты.


Иш-чаранын максаты маданий жана билим берүү деңгээлди жогорулатуу, китеп маданиятын жайылтуу жана жайкы каникул учурунда мектеп окуучуларын эс алдыруу болуп саналат.


Аталган иш-чарада стол оюндары, сүрөттөр конкурсу, китептерди оңдоо боюнча мастер класстар жана сабактар уюштурулду.