Ленин районунда мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 08.08.2016 16:34
Бүгүн, 8-августта Ленин райондук администрациясы тарабынан баш аламан соода жана мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү боюнча пландык иштердин алкагында райондун аймагындагы мыйзамсыз курулуштар алынды.
Жайыл Баатыр көчөсү боюнча 7 жеңилдетилген типтеги объект жана 3 мыйзамсыз курулуш түрттүрүлдү.
Аталган объектилердин ээлерине Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан бузууларды четтетүү эскертүүсү берилген. Бирок эскертүү аткарылбагандыктан Ленин райондук администрациясы тиешелүү чараларды көрдү.
Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык администрациясы Ленин районунун тургундарына бул багыттагы иштер улантыларын жана тиешелүү уруксат документтерди даярдоосун эскертет.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
18.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |