ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы борбордун 49 көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрөт

Бишкек шаарынын мэриясында «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун протоколуна кол коюлду. Протоколго Бишкек мэри Албек Ибраимов менен Кытай элчилиги тараптан соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчи Сунь Хэ кол койду.

Аталган протоколго ылайык, “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун биринчи фазасы ишке киришет жана анын алкагында Бишкекте 95 км 49 көчөнүн жолу оңдолот.


Биринчи фазанын жалпы баасы 481 миллион юанды түзөт.


Макулдашуу боюнча долбоор кытай компаниялары менен биргеликте жүргүзүлүп, Кытай тарап Бишкекке жол курулушу боюнча адистерди жана инженерлерди жиберет. Бишкек шаарынын  мэриясы тарабынан  долбоордун негизги оператору катары Капиталдык курулуш башкармалыгы дайындалды.


Тендер жакынкы күндөрү жарыяланат, жолду оңдоо иштери август айынын август айынын үчүнчү он күндүгүндо башталмакчы. Долбоордун аткарылышына, иштин сапатына жана коопсуздугуна кыргыз-кытай биргелешкен комиссия көзөмөл жүргүзөт.