ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык муниципалитет жарнама такталарын алууну улантууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы борбордук көчөлөрдөгү ири жарнактарды алууну улантууда.

Аталган иш-чаралар борбордук көчөлөрдү ири көрнөк-жарнактардан  бошотуу максатында, ошондой эле Кыргызстанда өтүүчү КМШ мамлекет башчыларынын жыйынына, Түрк тилдүү мамлекет башчыларынын кеңешине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктарды көрүүнүн алкагында Бишкектин Манас, Чыңгыз Айтматов, Чүй, Жибек Жолу проспектилери жана Абдрахманов менен Байтик баатыр көчөлөрүндөгү ири көрнөк-жарнактарды алуу иштери өткөрүлүүдө.

Күндүз аталган көчөлөрдө унаалар көп болгондуктан алуу иштери түнкү убакта жүргүзүлүүдө.

4-августтан 5-августка караган түнү Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери Чүй проспектиси Абдрахманов көчөсүнөн Бейшеналиева көчөсүнө чейин Г – түрүндөгү 8 жарнама тактасын алышты.
.