ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Биринчи май районунун тургундары менен жолукту

Бүгүн, 5-августта №29 мектеп гимназиясынын чоң залында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов менен Биринчи май районунун активдеринин жана жашоочуларынын жолугушуусу өткөрүлдү.

Шаардыктар менен жолугушуу «суроо-жооп» форматында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө калаа башчысы Бишкек шаарынын жана Биринчи май районунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Биринчи май районунун тургундары тарабынан тышкы жарыктандыруу, ирригация, авариялык абалдагы бактарды кыйуу жана суу менен камсыз кылуу маселелери кѳтѳрүлдү.

Калаа башчысы жашоочулардын суроолоруна жооп берип жатып, шаардын көйгөйлөрү ыкчам тартипте чечилерин белгиледи.

Ошондой эле мэр  калаанын кичи райондорунун ички жолдоруна жана кварталдар аралык  жолдорду капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүгө ѳзгѳчѳ кѳңүл бурду.

Кийинки жолугушуу эмки жумада Свердлов районунда өткөрүлөт.