ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Октябрь районунун тургундары менен жолукту

Бүгүн, 4-августта К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын чоң залында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Октябрь районунун активдери жана  жашоочулары менен жолукту.

Шаардыктар менен жолугушуу “суроо-жооп” форматында өттү, анын жүрүшүндө борбордук муниципалитеттин башчысы Бишкекти социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча пландар жана шаарда ири долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги тууралуу айтып берди.

Мэр калаанын кичи райондорунун ички жолдоруна жана кварталдар аралык  жолдорду капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүгө ѳзгѳчѳ кѳңүл бурду.


Октябрь  районунун тургундары тарабынан тышкы жарыктандыруу, ирригация, авариялык абалдагы бактарды кыйуу жана суу менен камсыз кылуу маселелери кѳтѳрүлдү.
5-августта  калаа башчысы Биринчи май  районунун тургундары менен жолугат.