ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жарнама такталарын алууну улантууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы борбордук көчөлөрдөгү ири жарнактарды алууда.

Аталган иш-чаралар борбордук көчөлөрдү ири көрнөк-жарнактардан  бошотуу максатында, ошондой эле Кыргызстанда өтүүчү КМШ мамлекет башчыларынын жыйынына, Түрк тилдүү мамлекет башчыларынын кеңешине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктарды көрүүнүн алкагында Бишкектин Манас, Чыңгыз Айтматов, Чүй, Жибек жолу проспектилери жана Абдрахманов менен Байтик баатыр көчөлөрүндөгү ири көрнөк-жарнактарды алуу иштери өткөрүлүүдө.

Күндүз аталган көчөлөрдө унаалар көп болгондуктан алуу иштери түнкү убакта жүргүзүлүүдө.

Учурда Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан  64 жарнама тактасы алынды.
Манас, Ч.Айтматов, Чүй жана Жибек Жолу проспектилери боюнча  60 жарнама тактасы жана Абдрахманов жана Байтик Баатыр көчөлөрү боюнча 4 жарнама тактасы алынды.