ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Ала-Тоо аянтында жүрүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов борбордук Ала-Тоо аянтында жүрүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Эгемендүүлүктүн 25-жылдыгын майрамдоонун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы Ала-Тоо аянтында оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Бардык фонтандар оңдолуп, электр өткөргүчтөр алмаштырылып жатат. Жарык берүүчү лампалар жаңыланып, отургучтар коюлууда. Калган бөлүгүндө таманташтар алмаштырылат.

 

«Жашылдандыруу» МИ кызматкерлери аянтка жана Курманжан датканын эстелигинин жанына отургузулган гүлдөргө көз салып жатышат.


Мэр Албек Ибраимов тиешелүү кызматтарга аянтка жакын көчөлөрдөгү тротуарларды оңдоону жана арык лотокторун алмаштырууну тапшырды.


Калаа башчысы Биринчи май райондук администрациясына Ала-Тоо аянтындагы баш аламан сооданы жөнгө салууну, оңдоо иштерине аянттын айланасындагы дүкөндөрдү жана кафелерди да тартууну, алар өздөрүнүн айланасын иретке келтирип, тазалыкты сактоосун тапшырды.