ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы көрүүчүлөрдү жана күйөрмандарды спартакиадага чакырат

2016-жылдын 2-августунан 5-августуна чейин «Дордой» спорттук комплексинде жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосунда турган өспүрүмдөр жана балдар арасында шаардык спартакиаданын ачылышы өткөрүлөт.

Мелдеш спорттун 6 түрү боюнча: кичи футбол, стол тенниси, сууда сүзүү, дартс, бука тартыш жана таяк тартыш өтөт.


Иш-чаранын башкы максаты балдар арасында укук бузууларды алдын алуу жана өспүрүмдөрдү спортко, сергек жашоого үндөө болуп саналат.


Мелдешке райондук спартакиададан биринчи орундарды алган Бишкектин төрт районунун балдары катышат.


Спартакиаданын салтанаттуу ачылышы 2-августта саат 10:00до «Дордой» спорткомплексинде өтөт.


Мелдештин ырааттамасы:


1.    Кичи футбол 2-августта саат 10:00до «Дордой» СК;


2.    Стол тенниси 5-августта саат 10:00до «Дордой» СК ;


3.    Дартс 3-августта саат 10:00до «Дордой» СК;


4.    Сууда сүзүү 4-августта саат 14:00до Асанбай к/р бассейнинде;


5.    Бкуа тартыш 3-августта саат 10:00до «Дордой» СК;


6.    Таяк тартыш 3-августта саат 10:00до «Дордой» СК өткөрүлөт.


Бардык суроолор боюнча 0557 888 686 (Абай Молдоканов) номуруна кайрылсаңыздар болот.