ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Жашылдандыруу» МИ кызматкерлери шамалдан кулаган үч бакты кыйышты

«Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 29-июлдан 31-июлга чейин шамалдан кулаган үч бакты кыйышты.

29-июлда Мессарош жана Абдраев көчөлөрүнүн кесилишинде, 31-июлда Лев Толстой – Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жана 8-кичи районунун №16 үйүнүн короосундагы  кулаган бактар алынды. Жабыркагандар болгон жок.


«Жашылдандыруу» МИ маалыматы боюнча, үч кулаган бак тең  тирүү жана чириген эмес.


Бишкек шаарынын мэриясы айдоочулардан унааларын бактардын алдына токтотпоосун өтүнөт.


Авариялык абалдагы жана куурап калган дарактарды кыркуу боюнча бардык билдирүүлөрдү WhatsApp тиркемеси аркылуу төмөнкү номерлерге жөнөтүүгө болот.


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) – 0709 72-17-15;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) - 0777 55-22-11;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) - 0558 33-66-40;


Матмусаев Марат Наманович (Свердлов району) – 0770 53 – 35 – 00 .