ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте шаар куруу кеңешинин жыйыны ѳткѳрүлдү

Насирдин Исанов атындагы Курулуш, транспорт жана архитектура университетинин имаратында 28-июлда шаар куруу кеңешинин жыйыны ѳткѳрүлдү.

Күн тартибинде Бишкек шаарынын борбордук бѳлүгүн деталдуу пландоо долбоору талкууланды.


Деталдуу пландоо долбоору 3 миң 641 гектар аймакты камтып, Курманжан датка, Ахунбаев, Садырбаев жана Жибек Жолу проспектиси төрт бурчтугун өзүнө алат. План боюнча эки-үч деңгээлдүү жолдорду куруу концепциясы, ошондой эле тарыхый-маданий объектилердин санын көбөйтүү да пландалган.


Деталдуу пландоо долбоорун талкуулоо жана карап чыгуу кийинки жыйында да каралат.