Свердлов администрациясынын башчысы олимпиадалык оюндарга катыша турган спортчулар жана машыктыруучулар менен жолукту
- Подробности
- Опубликовано 26.07.2016 15:44
Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков алдыдагы Олимпиадалык оюндарга катыша турган Свердлов районунун спортчулары жана машыктыруучулары менен жолукту.
Белгилүү болгондой, Олимпиадалык оюнга жолдомо алган 19 спортчунун ичинен 4 спортчу Свердлов районунун Республикалык олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-ѳспүрүмдѳр мектебинин тарбиялануучулары.
Самарбек Болотбеков кезегинде машыктыруучуларга мыкты спортчуларды машыктыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Администрация Олимпиаданын катышуучуларына 30 миң сомдон, машыктыруучуларга 15 миң сомдон сыйлык тапшырды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
31.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |