ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга Ысык-Кѳлдѳ эс алуу уюштурду

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар Ысык-Кѳлдүн жээгинде,  “Оберег” реабилитациялык борборунун Тоң районун Кажы-Сай айылындагы филиалындагы балдарды калыбына келтирүү борборунда эс алышат.

Балдардын биринчи тобу 2016-жылдын 27-июлунда жиберилип, «Оберег» балдарды калыбына келтирүү борбору менен биргеликте уюштурулууда.


Долбоордун максаты – 130 мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү жана социалдык интеграциялоо болуп саналат.


Долбоордун алдына бир нече милдеттер коюлуп, балдарга кошумча ден соолукту чыңдоо кызматтары көрсөтүлѳт жана  окууту-тарбиялоо иштеринин алкагында кум менен дарылоо, көлөкө театры жана куурчактар оюну уюштурулат.


Аталган долбоорго шаардык бюджеттен 480 миң сом каралды.