ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек жана Ухань шаарлары бир тууган шаарлардан болду

Бишкек жана Ухань шаарларынын арасындагы бир туугандык келишимге салтанаттуу кол коюу аземи 22-июлда Ысык-Кѳлдүн жээгинде ѳткѳрүлдү.

Келишимге Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Эрнис Зарлыков жана Ухань шаарынын вице-мэри Шао Вэймин кол койду.


Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында 23-июлда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана Ухань шаарынын вице-мэри Шао Вэймин менен жолугушуусу ѳткѳрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндѳ эки тараптуу кызматташуу талкууланды.


Жолугушууга калаа башчысы Албек Ибраимов, Ухань шаарынын тышкы иштер бѳлүмүнүн жетекчиси Ан Вейдунг, Бишкек шаарынын вице-мэрлери Айгүл Рыскулова жана Геннадий Милицкий катышты.