ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов райондук администрациясы медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Свердлов райондук администрациясынын жыйын залында КР Медицина кызматкерлеринин күнүнүн урматына бардык саламаттыкты сактоо уюмдарынын өкүлдөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлерин район башчысы Айгүл Чылабаева куттуктады: «Сиздердин кесибиңиздер ар бир шаар тургуну үчүн абдан маанилүү. Биринчи байлык ден соолук демекчи, Сиздер миңдеген адамдардын ден соолугунун сакчысы болуп кызмат кыласыздар. Оорудан айыктырат деп Сиздерден кыйналган кезде жардам, мээримдүү мамиле күтөбүз».


Чакырылгандарга белектер, 28 кызматкерге администрациянын Ардак грамоталары тапшырылды.