ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Бишкекбашкыархитектура» мекемесинин кызматкерлерине мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча семинар өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан «Бишкекбашкыархитектура» МИнин кызматкерлери үчүн “Иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү”, “Кыргыз Республикасында иш кагаздарды (мамлекеттик тилде) жүргүзүү боюнча типтүү нускама”, “Кыргызтест” тестирлөөсүнө даярдык” аттуу окуу семинары өткөрүлдү.

Кызматкерлерге иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча өтүлгөн темалардын, “Кыргызтесттин” талаптары А1, А2, В1,В2,С1” китебинин, “Юридикалык атоолордун жана башка түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгүнүн” электрондук варианттары жана “Орусча-кыргызча сүйлөшмө” китепчелери берилди.


Окуу семинары Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы № 119 “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө” жарлыгын жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 10-мартындагы № 33 “Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары” 2014-2018-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча 2016-жылга аракеттер планы жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында өтүлдү.