ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов «WORLD STREET WORKOUT» эл аралык уюмунун лидери Денис Минин менен жолукту

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов World Street Workout эл аралык уюмунун лидери Денис Минин жана Кыргызстандагы Street Workout федерациясынын президенти Тамерлан Богатырев менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө калаа башчысы шаар тургундарын сергек жашоого үндөө жана дене тарбияны өнүктүрүү маанилүү экендигин белгиледи.

Денис Минин Албек Ибраимовго Street Workout кыймылынын жүргүзүп жаткан иштерине колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында калаа башчысы Street Workout өкүлдөрүнүн  шаарда куруп жаткан бир катар спорттук аянтчаларын колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.