ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык кызматтар көрктөндүрүү иштерин улантууда

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары чөптөрдү жана жандуу тосмолорду кыркуу, ирригацияларды тазалоо, Бишкек шаарынын айланасын тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан Байтик Баатыр, Чолпон-Ата көчөлөрүндө, «Манас» проспектисинде, Чүй, Москва көчөлөрү Фучик, Л.Толстой-Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде чөптөрдү кыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы иштер калаанын башка көчөлөрүндө да өткөрүлөт. Мындан тышкары, ишкананын жумушчулары арыктарды таштандыдан тазалоодо.

Ошондой эле таң эртеден тартып «Тазалык» МИ жана МАБдардын  короо шыпыргычтары штаттык режимде иштөөдө.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун шаарды сүйүүгө  жана «Тазалык» МИ кызматкерлеринин эмгегин сыйлоого чакырат.