ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын концерттик залында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамынын урматына медицина кызматкерлерин сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Медицина кызматкерлерин Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов куттуктап, ардак грамоталарды тапшырды.

«Урматтуу дарыгерлер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм жана Сиздердин эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай, бардык жакшылыктарды, эл үчүн жасап жаткан ишиңиздердеги ийгиликтерди каалайм»,-деди мэр.

Шаардык муниципалитеттин сыйлыктар боюнча комиссиясынын чечими менен ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн медицина кызматкерлери  Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамоталары менен  сыйланды.

Ошондой эле медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен  Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев куттуктап, бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады. Чакырылгандарга Бишкек шаардык кеңешинин ардак грамоталары тапшырылып, андай соң майрамдык концерт тартууланды.

Майрамдык иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, шаардык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилери, КР медицина кызматкерлеринин борбордук профсоюз комитетинин төрагасы Накен Саалиев жана Саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Кубанычбек Кулбатыров катышты.

Маалымат үчүн: Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо тармагында 8 миңден ашык кызматкер эмгектенет жана 46 салматтыкты сактоо уюму иштейт.