ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар менен күрөшүү улантылууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсү Ленин районунда өткөрүлүп, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар аныкталды.

СЭИ инспекторлору Бакаев көчөсү 53а жана Пушкин көчөсү 211а  даректеринин жашоочулары жолдун жээгине курулуш таштандыларын чогултуп, шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыктары аныктады.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан эки шаар тургунуна тең Кыргыз Республикасыныны «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.