ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын фонтандары шаар тургундарын кубантууну улантууда

Бишкек шаарынын мэриясы шаардын фонтандары иштеп жана шаар тургундарын кубантып жаткандыгын билдирет.

«Бишкексууканал» ӨЭБ маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Бишкекте фонтандар бекитилген графикте иштеп жатат.


Эмен багындагы жана Ала-Тоо аянтындагы фонтандар саат 10:00дон 22:00го чейин иштөөдө. Саат 14:00дон 16:00го чейин насостук жабдууларды муздатуу үчүн өчүрүлүүдө.


Мындан тышкары, «Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, фонтандарды үзгүлтүксүз жууп суу жолдорун тазалап, сууну алмаштырып турушат.


Ошондой эле шаардык муниципалитет ишканасы Абдырахманов көчөсүндөгү “Күн балыктары” фонтаны анын автору В.Кургандын 80 жылдыгына карата оңдолорун билдирет.


"Күн балыктары" фонтанынын тарыхый баалуулугу бар болгондуктан, фонтандын бетиндеги элементтерди жаңыртуу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Маалымат үчүн: «Бишкексууканал» башкармалыгынын  балансында 17 муниципалдык фонтан бар болсо, Тарых музейинин алдындагысы жаңыланууда.