ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май райондук администрациясы көп балалуу энелерди сыйлады

Биринчи май райондук администрациясынын жыйындар залында райондун көп балалуу энелерине «Баатыр эне» орденин жана «Эне даңкы» медалын салтанаттуу тапшыруу өткөрүлдү.

20 эне «Баатыр эне» ордени жана 16 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланды.


Район башчысынын атынан энелерди акимдин орун басары К. Бейшенов куттуктап, энелердин балдарды тарбиялоодогу, өнүккөн жана эркин мамлекетти түзүүдөгү салымы зор экенин белгилеп, бекем ден соолук, бакубат жашоо каалады.


«Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйланган энелерге Биринчи май райондук администрациясы ар дайым көңүл буруп, социалдык жана медициналык маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүп келет.


Сыйлоо аземи  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 15-майындагы «Көп балалуу энелерди сыйлоо жөнүндө» указын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.