ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Эл аралык йога күнү белгиленди

Курманан Датка эстелигинин алдында Эл аралык йога күнү белгиленди.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда КР Индия элчилиги уюштурду.


Ага борбор калаанын бардык каалоочулары келип йога менен массалык машыгууга акысыз катыша алышты.


Массалык машыгууга катышуу каалагандар жана йоганын сүйүүчүлөрү машыгуу үчүн килемчелерин алып, активдүү катышышты. Иш чаранын алкагында көрүүчүлөргө атайын уюштурулган концерттик программа тартууланды.


Эскерте кетсек, БУУ 2014-жылдын декабрь айында жыл сайын 21-июнда Эл аралык йога күнүн белгилөө Резолюциясын кабыл алган.