ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык кызматтар калааны көрктөндүрүү иштерин улантууда

«Тазалык» жана «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери чөптөрдү, жандуу кашаларды кыркуу, арыктарды тазалоо, гүлдөрдү отургузуу иштерин жүргүзүүдө.

«Жашылдандыруу» МИ Аламүдүн-1 кичи району, Ауэзов көчөсүнө гүлдөрдү отургузууда.


«Тазалык» муниципалдык ишканасы Чүй проспектиси, Фрунзе, Токтоналиев, Ахунбаев, Юнусалиев, Сүйөркулов жана Лев Толстой көчөлөрүндөгү чөптөрдү кыркуу иштерин жүргүзүүдө. Бул багыттагы иштер калаанын башка көчөлөрүндө да өткөрүлүүдө. Мындан тышкары ишкананын жумушчулары ирригацияларды тазалоо иштерин улантууда.


«Тазалык» жана «Жашылдандыруу» МИ жумушчулары таң эртеден тартып штаттык режимде иштөөдө.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун шаарды сүйүүгө, «Тазалык» жана «Жашылдандыруу» МИ жумушчуларынын  эмгегин сыйлоого чакырат.