ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы нөшөрлөгөн жамгырдан кийин калааны көрктөндүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө

Борбор калаа Бишкекте 16-июнь таң эртеден  баштап МАБдардын, «Тазалык» жана «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери түндө жааган жамгырдан кийин ирригацияларды, көчөлөрдү тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

 «Тазалык» МИ жумушчулары  өткөн түнү Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн астына суу толуп, аны кыска мөөнөттө ирригациялык түйүндөрдөгү таштандыларды  тазалап агызышты.


Социалдык тармактарда Аалы Токомбаев көчөсүндөгү суу менен жуулуп кеткен жол үстүндөгү белгилер тууралуу маалыматтар таратылган. Жол үстүндөгү белгилер "Бишкек асфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан үстүбүздөгү жылдын май айында муздак пластиктен түшүрүлгөн. Ал жаандын суусу менен жуулуп кетпейт.

Кечээ кечинде унаа жүрүүчү жол бөлүгү сууга толуп калган. Унаалар жогорку ылдамдыкта жүрүшкөндүктөн, сууда көбүк пайда болгон. Көбүктү социалдык тармактарда боёкко окшоштурушкан.

Муздак пластик - бул иновациялык материал. Ал көпкө чейин жешилбейт жана өчпөйт.