ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» МИ кызматкерлери «Физкультурный» гүл багындагы отургучтарды оңдоду

Октябрь району боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери «Физкультурный» гүл багындагы отургучтарды, таштанды таштоочу  урналарды оңдоду.

Ахунбаев көчөсү боюнча «Физкультурный» гүл багында 14 отургуч жана 21 таштанды урнасы, ошондой эле Байтик Баатыр көчөсү боюнча Ахунбаев жана Суеркул көчөлөр арасындагы  тротуардын жээгиндеги 9 отургуч жана 8 таштанды урнасы ондолуп, сырдалды.


2015-жылы аталган отургучтар оңдолгон, кийин 2016-жылы жазында дагы оңдолгон. Бирок отургучтар жай мезгилинин башында белгисиз адамдар тарабынан сындырылган.


Шаардык муниципалитет шаардыктарды жана конокторду Бишкек шаарын сүйүүгө жана жалпы мүлккө аяр мамиле кылууга чакырат.