ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунда кароосуз калган балдарды аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү

Октябрь райондук администрациясы райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, №6ҮМБ менен биргеликте кароосуз, көзөмөлсүз калган балдарды, кайыр сураган жана иштеген өспүрүмдөрдү аныктоо максатында рейд уюштурду.

Рейд «Багуусуз», «Кайырчы», «Камкордук» графигине ылайык өткөрүлдү.


Рейддин жүрүшүндө эс алуу учурунда ата-энелерине базарда жардам берип, соода кылып жаткан 14 өспүрүм аныкталды. №6 ҮМБ балдарды медициналык кароодон өткөрүп, ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.


Мындан тышкары №39 мектебинде, №20 мектеп-гимназиясында, жалпы билим берүү уюмдарында балдарды ишке тартуу боюнча маалыматтар берилди.