ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунда сууга түшүү мезгилинин ачылышы болду

«Fclub» оюн-зоок борборунда Свердлов районунун балдары үчүн сууга түшүү мезгилинин ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага  мектеп алдындагы лагерлерден 120 бала  жана кароосуз калган балдардын мекемесинен 30 бала катышты.


Салттагыдай сууга түшүү мезгилин Нептун жана анын суу перилери ачты.


Райондук балдар чыгармачылык борборунун окуучулары катышуучулар үчүн куурчактардын катышуусунда оюн –зоок программаларын уюштурду.


Майрамдык иш-чарада балдардын коопсуздугун №8ҮДБ, райондук спорт комитетинин инструктору, мектеп алдындагы лагерлердин кызматкерлери жана Свердлов районунун жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору камсыздады.