ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунун балдары сууга түшүү мезгилин ачышты

«Ала-Тоо» эс алуу борборунда Октябрь районунун балдары үчүн администрация райондук билим берүү башкармалыгы жана спорт комитети менен биргеликте уюштурган сууга түшүү мезгилинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Иш-чарада Октябрь райондук администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Нурбек Курманбеков сууга түшүү мезгилинин ачылышы менен куттуктап, жакшы эс алууну, жаңы досторду табууну жана жаңы окуу жылына жаңы күч, жаңы дем менен келүүнү каалады.


Иш-чарага мектеп алдындагы лагерлерде  эс алуучу 300 дөй бала катышты.


Балдар үчүн «Шайыр - Балалык» балдар чыгармачылык борборунан театралдык көрсөтүү уюштурулуп, балмуздактар таратылды.


Мындан тышкары, Асанбай кичи районунда жайгашкан ачык бассейининде  мектеп алдындагы лагерлердин 720 окуучусу үчүн айдын аягына чейин күн сайын саат 10:00дон 12:00го чейин акысыз сууга түшүү уюштурулат.