ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаарды тазалоо иштерин жүргүзүүдө

Бишкекте шаардык муниципалдык аймактык башкармалыктары (МАБ) жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүү боюнча үч айлыктын алкагында калааны тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Таң эртеден кечке чейин «Тазалык» МИ жумушчулары шаардын көчөлөрүн, арыктарын тазалап, өтүүчү жолдорду жана троуарларды жууп тазалоо иштерин өткөрүүдө.
Бүгүн, 15-июнда калааны тазалоо иштерине «Тазалык» МИ 545 жумушчусу чыкты.


Октябрь районунда -  97 короо шыпыргыч, Биринчи май районунда  -  157, Свердлов районунда  - 124, Ленин районунда – 153, Чоң-Арык аймагында 14 короо шыпыргыч калааны тазалады.


Мындан тышкары, «Тазалык» муниципалдык ишканасынынын кызматкерлери тарабынан шаардын көчөлөрү жууп тазалоо жүргүзүлдү.


Жууп тазалоо иштери төмөнкү көчөлөрдө өткөрүлдү:


Свердлов району боюнча: Чүй проспектиси, Абдрахманов көчөсү, Жибек Жолу проспекти, Москва, Бөкөнбаев, Киев, Токтогул, Ибраимов, Гоголь, Карпинская, Шопоков жана Усенбаев көчөлөрү.


Биринчи май району боюнча: Киев көчөсү, Чүй проспектиси, Токтогул, Москва, Бөкөнбаев, Раззаков, Орозбеков, Панфилов, Тыныстанов көчөлөрү, Ала-Тоо аянты Эркиндик бульвары.


Ленин району боюнча: Жаш Гвардия бульвары, Тынчтык проспектиси, Киев, Токтогул, Москва, Бөкөнбаев, Ахунбаев, Фрунзе, Бейшеналиева, Кулиев, Павлов, Рыскулов көчөлөрү.


Октябрь району боюнча: Ж.Пудовкин, К.Маркс, Донецкий, Алмата жана Медеров көчөлөрү.


Ошондой эле Чүй проспектисиндеги, Киев көчөсүндөгү, Эркиндик, Жаш Гвардия бульварларындагы, Чүй жана Манас проспектилериндеги тротуарлар жуулду.


Мындан тышкары, жандуу изгородорду, чөптөрдү кыркуу иштери жүргүзүлүүдө.