ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жеке турак-жай курулуш департаменти капиталдык тосмолорду түрттүрүүнү милдеттендирди

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай  курулуш департаменти муниципалдык жердин эсебинен жер тилкесин кеңейтип алуу фактыларын аныктады.

Учурда соттун чечиминин негизинде Суванбердиев көчөсү боюнча №51, 56, 54, 61 даректериндеги курулуштар түрттүрүлдү.


Суванбердиев көчөсү №56 дарегинин жашоочусу Кан В.М. өз ыктыяры менен жер тилкесин 17х2,5 м кеңейтип, жолдун эсебинен пескоблоктон  дубал куруп алган.
В.Н. бышкан кирпич менен дубал куруп, жер тилкесин 16х1,5м кеңейткен.


Суванбердиев көчөсү №61 үйүнүн ээси Бекенбаева Н.О. бышкан кирпичтен дубал куруу менен муниципалдык жердин эсебинен  жер тилкесин 7х1,5м. кеңейтип алган.


Суванбердиев көчөсү №51 дарегинин жашоочусу Жолдошева А.Н. пескоблоктон дубал куруу менен жер тилкесин 8х1,5м. кеңейткен.


Бардык бузуучуларга департамент тарабынан № 00188  02.03.2015-жылдагы    «Аныкталган бузууларды четтетүү жөнүндө» эскертүүсү берилген. Эскертүүнүн негизинде ЖолдошеваА.Н. өз ыктыяры менен дубалды түрттүрдү.