ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада кезектеги «Окурман троллейбус» акциясы өткөрүлдү

Бишкекте таң эртеден баштап №11 каттамдагы троллейбуста «Окурман троллейбус» акциясы башталды.

Акцияны Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепканалар тармагы Бишкек троллейбус башкармалыгы менен биргеликте уюштуруп, №75 орто мектептин окуучуларына экскурсия өткөрдү.


Акциянын максаты Жибек –Жолу проспектисинин, Ахунбаев, К.Марк көчөлөрүнүн, Асанбай кичи районунун аталыштары, тарыхы менен тааныштыруу, окурмандарды китепканага тартуу болуп саналат.


Иш-чаранын жүрүшүндө шаардын китепканалары жөнүндө буклеттер таратылып, китеп көргөзмөсү, ошондой эле «Табышмактар дүйнөсүндө» оюн-зоок программалары өткөрүлдү.