ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Бишкекжылуулуктүйүнү» ААК техникалык тейлөөсүндө турган турак үйлөргө толугу менен ысык суу берилди

«Бишкекжылуулуктүйүнү» ААКнын техникалык тейлөөсүндө  турган турак үйлөргө  толугу менен ысык суу берилди. Бул тууралуу 14-июнда өткөн брифингде Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жылуулук түйүнү» ААК өкүлдөрү билдиришти.

«Бишкек жылуулук түйүнү» ААК өкүлдөрүнүн айтуусу боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-мартындагы N 172 токтому менен бекитилген жылуулук энергиясы пайдалануу эрежелерине ылайык,   керектөөчү эсеп колго тийгенден тартып 10 күндөн ашык мезгил төлөм жүргүзбөгөндө жабдуучу өчүрүп салуу укугуна ээ.


Басма сөз жыйынына Бишкек шаарынын мэриясынын Турак-жай коммуналдык чарба башкармалыгынын башчысы Канатбек Эшатов, «Бишкек жылуулук түйүнү» ААК үйлөр ичиндеги жылуулук системаларын тейлөө боюнча башкы инженердин орун басары Рыбалкин Павел, «Бишкек жылуулук түйүнү» ААКнун баланс жана анализ бөлүмүнүн башчысы Абасбекова Аида, «Бишкек жылуулук түйүнү» ААКнун юридикалык бөлүмүнүн башчысы Нагаев Кубатбек, Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары Акматбаев Таалайбек, Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын орун басары Шарапов Руслан, Ленин райондук администрациясынын башчыснынын орун басары Карынбаев Аскат, Свердлов райондук администрациясынын ТКЧ жана курулуш бөлүмүнүн башчысы Кубан Бусурманкулов катышты.