ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясында калаа башчысы Албек Ибраимовдун 100 күндө аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча басмасөз жыйыны болуп өттү

Бүгүн, 10-июнда Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында Албек Ибраимовдун 100 күндө аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйыны өткөрүлдү.

Жыйындын башчында калаа башчысы 100 күндө кандай иштерди аткаргандыгы, шаардын турмуш тиричилигине багытталган иштердин жыйынтыгы тууралуу айтып өттү.


Басма сөз жыйындын жүрүшүндө журналисттер 100 күндүн жыйынтыгы боюнча суроолорду берип, толук жоопторду алышты.


Ошондой эле ЖМКнын өкүлдөрүнө Бишкек шаарынын мэриясынын Ыкчам чараларды көрүү «185» кызматынын ишин жакшыртуу жана модернизациялоо жөнүндө видеоролиги көрсөтүлдү. Эми шаар тургундары 1840 кыска номерлерине же болбосо WhatsApp колдонмосу аркылуу  0554 18 21 85 арыздарды жибере алышат.


Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жураналисттерге мэриянын иштерин объективдүү чагылдыруудагы иштери үчүн  ыраазычылык билдирди.