ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы калаадагы сейил бактарды уюштуруу боюнча журналисттер үчүн пресс-тур өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясы 8-июнда калаадагы сейил бактарды уюштуруу боюнча журналисттер үчүн пресс-тур өткөрдү.

Пресс-турга Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасы  Алмаз  Кененбаев катышты.


Калаа башчысы, БШК төрагасы жана жалпыга малымадоо каражаттарынын өкүлдөрү 2005-жылдын 24-мартындагы окуяга арналган гүлбакты түзүү пландалып жаткан Шабдан Баатыр жана Ахкнбаев көчөлөрүнүн кесилишине барды.


«Бишкекбашкыархитектуранын» эскиздик долбоору боюнча гүлбакчага оргумаларды, отургучтарды орнотуу, бак-дарактарды жана гүлдөрдү отургузуу пландалууда. Гүл бакчанын аянты 0,9 га түзөт. Мурда аталган жерде көчөттөр базары жайгашкан.


Учурда «Бишкекбашкыархитектура» долбоордун үстүндө иш алып барууда. Гүл бактын курулушу КР президентинин фондунан каржыланат. Долбоордун болжол менен наркы 7 млн.сомду түзөт.


Андан кийин мэрия журналисттерге Байтик Баатыр – Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакты көрсөттү. Сейил бактын аянты 10,22 га түзөт.


Сейил бакты пландоодо 2 кириш каралган: башкы кириш – Байтик Баатыр көчөсүнөн, чыгыш кириш – Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн.


Мэрия жана Маданият министрлиги Бишкектин Түштүк дарбазасындагы «Гүлбак 1916-жыл» мыкты айкел  конкурсун жарыялайт. Айкел 1916-жылдагы үркүн окуясына арналат. Келечектеги Эгемендүүлүк сейил багынын түндүк тарабы  Түштүк дарбазадагы «Гүлбак1916-жыл» менен туташат. 1916-жылы үркүн окуясында  курман болгондордун элесине арналган эстеликтин айланасы өткөн жылы мэрия тарабынан көрктөндүрүлгөн. Эстелик таштын ордуна 1916-жылдагы үркүнгө арналган айкел орнотулат. Ал эми айкелди даярдоо үчүн конкурс Эгемендүүлүк паркын долбоорлоо иштери бүткөндөн кийин  Бишкек шаарынын мэриясы Маданият министрлиги менен биргеликте өткөрөт.