ЦУМ оңдолуп жаткан оргума комплексинин айланасындагы мажүрүм талдарды сактап калуу пландалууда
- Подробности
- Опубликовано 09.06.2016 16:15
«Айчүрөк» соода борборунун жетекчилиги оңдолуп жаткан оргума комплексинин айланасындагы мажүрүм талдарды сактап калуу пландоодо.
Учурда соода борборунун жетекчилиги "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын адистери менен бактардын тамырларын бекемдөө ыкмалары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Көрктөндүрүү долбоору боюнча ЦУМдун аймагында түтүктөр, электр чубагылары, бассейн жана сордуруучу станцияларды алмаштыруу боюнча иштер өткөрүлүп жатат.
Андан кийин оргуманы жасалгалоо иштери башталып, тосмолор, майда көпүрөлөр, суу ичкенге бара жаткан тулпарлардын түшүрүлгөн элестери орнотулуп жана дагы башка декорация элементтери кошулат.
«Айчүрөк» соода борборунун жетекчилиги мажүрүм талдар шаар тургундарынын өмүрүнө кооптуулук жараткан учурда гана кыйыларын белгиледи.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
24.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |