ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте эскилиги жеткен жылуулук түйүндөрү алмаштырылууда

Калаада эскилиги жеткен жылуулук түйүндөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө шаардык оорукананын казан мешине жеткен узундугу 310 метр жылуулук түйүнү алмаштырылды.

Мындан тышкары,  Ала-Арча көчөсү Жумабек көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейинки жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштерине байланыштуу июнь айынын аягына чейин жол кыймылына чектөө киргизилет. Оңдоо иштерин «Кайнар» ЖЧКсы бөдрөтчү компаниясы жүргүзүүдө.


Жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери 10-июнга белгиленген ысык суунун берилишине эч кандай таасир тийгизбейт.