ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунда мектеп алдындагы лагерлер иштей баштады

№64 мектеп-гимназиясында Октябрь районунун мектеп алдындагы лагерлеринин ачылышы болуп өттү.

Салтанаттуу ачылышка Октябрь районунун акиминин милдетин аткаруучу Нурбек Курманбеков катышты.


Быйыл Октябрь районунда тамак берүү менен 5 мектеп алдындагы лагерь ачылды. Мектеп лагерлери 2016-жылдын 6-июнунан тартып саат 8:00дон 14:00го чейин №3,64,73,88,91 мектептеринде иштейт.


Октябрь районунун аймагында 2016-жылдын май айына карата мектеп курагындагы 4 миң 820 бала (жетим, майып, качкындардын балдары, көп балалуу жана аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн балдары) катталган. Мектеп алдындагы лагерлерге биринчи кезекте турмуштук оор кырдаалда турган балдар кабыл алынат. Бул жылы мектеп алдындагы лагерлерге 720 окуучу барат. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 355 окуучуга көп.