ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкете жайкы мектеп алдындагы лагерлер иштей баштады

Бишкек шаарынын м 47 мектебинде лагерь ачылып, алардын 37 синде тамак берилет.

Лагерлер 2016-жылдын 6-июнунан 1-июлуна чейин саат 8:00дон 14:00го чейин иштейт.


Октябрь районунун №3 орто мектебиндеги жана «Келечек» конушунун №87 орто мектебиндеги лагерлеринин ачылышына  Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев жана Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова  катышты.


Мектеп алдындагы лагерлердин иштеши менен балдардын ийримдерге катышуусуна, маданий жерлерге, бассейнге баруусуна жана башка кызыктыуу нерселерди үйрөнүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт.


Мектеп алдындагы лагерлерде 70 ар түрдүү багыттагы ийримдер уюштурулду. Лагерди уюштуруу ишине мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү: Маданият башкармалыгы, Шаардык дене тарбия жана спорт комитети, Саламаттыкты сактоо департаменти, ИИББ өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, «Республикалык “Алтын түйүн” инженердик-техникалык балдар академиясы, М.В. Фрунзе атындагы музей жигердүү катышууда.


2015-жылы мектеп алдындагы лагерлер калаанын 44 мектебинде уюштурулуп, 2984 бала тартылган.