ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мэрия балдар жана өспүрүмдөрдүн өз өмүрлөрүн кыйууларын алдын алуу боюнча тегерек стол өткөрдү

№24 мектеп-гимназиясында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан калаанын мектептеринин социалдык мугалимдери,   психологдору менен балдар жана өспүрүмдөрдүн өз өмүрлөрүн кыйууларын алдын алуу боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столго Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын, Бишкек шаарынын ИИББ жашы жтете элек өспүрүмдөр меннен иштөө инспекциясынын,  Салматтыкты сактоо департаментинин, Балдарга жардам берүү борборунун, шаардык Психикалык ден соолук борборунунун адистери катышты.


Тегерек столдун жүрүшүндө балдардын  өмүрлөрүн кыйууларын токтотуу, алдын алуу жана себептерин аныктоо талкууланды. Талкунун жыйынтыгында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында суицидди алдын алуу боюнча ведомство аралык планды иштетүү боюнча жумушчу топ түзүлдү.


Жыйын 2015-2017-жылдарга жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу шаардык программасы боюнча жана 2015-2018-жылдарга карата турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо боюнча планын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.