ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тунгуч» кичи районунда №5 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалы ачылды

«Тунгуч» кичи районунда 7-июнда №5 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, вице-мэр Айгүл Рыскулова, Октябрь районунун акими Нурбек Курманбеков, Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттыкты сактоо департаментинин  башчысы Кубанычбек Кулбатыров, Бишкек шаардык медициналык тез жардам станциясынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметов катышты.


Калаа башчысы Албек Ибраимов «Тунгуч» кичи районунун жана «Рухий-Мурас» конушунун тургундарын №5 ҮМБ филиалынын ачылышы менен куттуктап, бекем ден соолук жана үйбүлөлүк бакубат жашоо каалады.


№5 ҮМБ 1962-жылы түзүлгөн жана  72 миң 600 адамды камтыйт.


«Рухий Мурас» конушу жана «Тунгуч» кичи районунун тургундары үчүн жаңы заманбап медициналык борбордо медициналык кызматтарды көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.