ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов райондук администрациясы Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чараларды өткөрдү

Свердлов райондук администрациясы Жеңиш аянтында Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган балдар үчүн «Балалык шаарчасы» иш-чарасын өткөрдү.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына жана аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн балдарына өзгөчө көңүл бурулду. Аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн балдарына материалдык жардам көрсөтүлүп, белектер таратылды.

Аталган иш-чарага келген бардык балдарды район башчысы Айнагүл Чылабаева куттуктады.

Иш-чаранын алкагында майрамдык концерт, заманбап бийлер боюнча мастер-класстар жана башка көптөгөн конкурстар уюштурулду.

Аянт ар түрдүү секцияларга бөлүндү: «7 асман» (үйлөтүлгөн жыландарды учуруу, конкурстарды өткөрүү), «Прикладдык чыгармачылык аллеясы» (гүлдөрдү, белектерди жасоо), «Арт аллея» (асфальтка сүрөт тартуу), «Көңүл ачуу аймагы» (акысыз батуттар) жана башка секциялар.

Майрамдын соңунда балдарга бал муздактар, суусундуктар жана эстеликке белектер берилди.