ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин райондук администрациясы балдарды майрамы менен куттуктады

Ленин райондук администрациясы «Фламинго» сейил багында Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрдү.

Район башчысы Нурдин Тынаев балдарды майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, жаркын маанай, жайкы эс алуулары жакшы өтүшүн каалады.


Иш-чарага толук жетим, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн  жалпысынан 500 бала чакырылды.


Райондун балдар чыгармачылык борборунан концерттик программа тартууланды жана балдарга «Аквамарин» балдар шоусу көрсөтүлдү.


Балдар үчүн акысыз аттракциондор иштеп, мастер-класстар, сүрөттөр конкурсу уюштурулду. Ошондой эле жаш спортчулардан  спорттук оюндар көрсөтүлдү. жыйынтыгында жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.


Иш-чаранын соңунда балдарга балмуздактар жана таттуу белектер таратылды.