ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ инспекторлору калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө  Ленин районунун абалы текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө Ахунбаев көчөсү 156 жана Шота Руставели көчөсү 105  үйлөрүнүн айланасына курулуш таштандылары белгиленбеген жерге чогултулгандыгы аныкталды.

Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан аталган даректин ээлерине курулуш таштандыларын чыгаруу, белгиленбеген жерге таштандыларды чогултууга жол бербөө жөнүндө эскертүүсү берилди.